![]()
Өзбекстанда электромобилдерди чыгаруучу завод 2024-жылы ишке киргизилет, өндүрүш көлөмү жылына 10 миң автоунааны түзөт. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.
«Кийинки жылы жылына 10 миң электромобиль чыгара ала турган автозаводду ишке киргизүү пландалууда», — деп айтылат президенттин сайтында.
Маалыматта учурда республикада электромобилдерди чыгаруу боюнча алгачкы долбоорлор ишке ашырыла баштаганы айтылат.
“Бүгүнкү күндө дүйнөнүн алдыңкы автокуруучулары электромобилдерди чыгарууга өтүшүүдө. Эгерде Өзбекстандын ишканалары бул тармакты өздөштүрүүнү кечеңдетишсе, келечекте алар рынокто татыктуу орунду ээлөөдө кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн” — деп айтылат билдирүүдө.
Мирзиёев электромобилдерди чыгаруунун маанилүүлүгүн белгилеп, алар үчүн тетиктерди чыгарууну тапшырган.
Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2030-жылга карата өлкөдө жеңил унааларды чыгарууну 1 миллион даанага чейин жеткирүү планы коюлуп, анын алкагында 2024-жылы аткарылышы керек болгон чаралар аныкталды.
Өзбекстанда акыркы жылдары автоунаа өндүрүшү үч эсеге өсүп, жалпы көлөм быйыл жыл аягына чейин 415 миң даанага жетиши күтүлүүдө.
Мамлекеттик монополияны жоюу жана бул тармакта атаандаштыкты өнүктүрүү максатында 3 жаңы жеке авто өндүрүүчүлөр жана престиждүү чет элдик бренддер тартылган. Бүгүнкү күндө республикадагы 8 заводдо авто унаа, жүк жана жүргүнчү ташуучу транспорттордун, айыл чарба жана атайын техникалардын ондогон түрлөрү чыгарылат.



















