Гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы Өзбекстандан Ооганстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Сурхандарья облустук акимчилиги билдирди.
21-майда президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Өзбекстандан гуманитардык жардамдын партиясы Ооганстандын селден жабыркаган тургундарына жөнөтүлдү.
Балх провинциясына жеткирилген жүктүн ичинде 48 тонна ун, 22 тонна күрүч, 100 миң банка эт консервасы, 44 тонна макарон, 25 миң литр өсүмдүк майы, 100 миң таңгак тез быша турган кесме, ошондой эле 10 кишилик 100 чатыр бар.
Акыркы маалыматтар боюнча, Ооганстанда селден каза болгондордун саны 400гө жетти.
Буга чейин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын баяндамасында Ооганстандын Баглан провинциясында суу ташкынынан 300дөй адам каза болгону айтылган.



















