Өзбекстан менен Тажикстандын транзиттик жүк ташыган айдоочулары эки өлкөнүн аймагы аркылуу атайын уруксатсыз өтө башташат. Бул тууралуу Тажикстандын Транспорт министрлиги билдиргенин Sputnik Тажикстан жазды.
Эл аралык автоунаа байланышы тууралуу протоколго 18-апрелде, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Душанбеге жасаган сапары учурунда кол коюлган.
Документке ылайык, жүк ташуучу унаалардын транзити эки өлкөнүн аймагы аркылуу уруксатсыз жүргүзүлөт.
Тажикстандын Транспорт министрлиги жаңы система протокол эки өлкө тарабынан жактырылгандан кийин ишке киргизилерин кошумчалады.
Тажикстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосунда 2018-жылы кол коюлган келишимге ылайык, эки өлкөнүн ортосунда жана өлкөлөрдүн аймагы аркылуу транзиттик жүк жана жүргүнчү ташууда айдоочулардан уруксат алуу талап кылынып келген.
Мекеменин маалыматы боюнча, учурда Тажикстан, Борбордук Азиянын айрым өлкөлөрү жана Россиянын ортосунда жүк ташуу, анын ичинде алардын аймагы аркылуу транзиттик жүк ташуу уруксатсыз жүргүзүлүлөт, бул ташуу убактысын жана жүктүн бузулуу коркунучун бир топ кыскартат.
Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 18-апрелде Тажикстанга эки күндүк сапары менен барган. Анын алкагында эки өлкө кызматташуу боюнча 28 документке кол коюшкан.



















