Түркмөнбашы шаарына келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев түркмөн элинин улуттук лидери, Түркмөнстандын Элдик Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.
Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Мирзиёев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен 4-5-август күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун деңизге чыгуусу жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча үчүнчү конференциясынын иш-чараларына катышуу үчүн иш сапары менен бул өлкөдө жүрөт.
Өзбекстандын лидери Гурбангулы Бердымухамедовду БУУнун деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча үчүнчү конференциясын жогорку деңгээлде өткөрүшү менен куттуктап, анын күн тартибине кирген маселелердин аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
“Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Самаркандда өткөн жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу контекстинде өзбек-түркмөн жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.
Тараптар достуктун, өз ара ишенимдин жана жалпы кызыкчылыктарды эске алуунун принциптерине негизделген көп кырдуу кызматташтыктын өсүп жаткан динамикасын канааттануу менен белгилешти:
- бардык деңгээлдеги жемиштүү жана активдүү байланыштар, ошондой эле гуманитардык алмашуулар улантылууда;
- жыл башынан бери товар жүгүртүү 600 млн долларды түздү;
- өнөр жай, энергетика, транспорт, айыл жана суу чарба, экономиканын башка тармактарында кызматташуу тереңдеп жатат;
- биргелешип “Шават-Дашогуз” чек ара соода зонасы түзүлүүдө;
- Алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушууларга даярдык көрүү алкагында өкмөттөр аралык комиссиялардын, Ишкер кеңештин жыйындарын, Региондор форумун, бир катар маданий иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.
Лидерлер ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Конференциясынын жана ушул жылдын күзүндө Ташкентте өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын жетинчи Консультативдик жолугушуусунун күн тартиби боюнча пикир алышты.


















