Ооганстандын Соода-инвестициялык палатасы менен Өзбекстандын Соода-экспорттук палатасынын өкүлдөрү 20 миллион доллардан ашык соода келишимине кол коюшканын “Ariana news” маалымат порталы кабарлады.
Жолугушуу 3-августта Кабулда өттү.
Маалыматка ылайык, иш-чарада сөз сүйлөгөн Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи эки өлкөнүн экономикасынын жеке секторлорунун ортосундагы сооданы кеңейтүү зарылдыгын белгилеген.
“Бүгүн Кабулда 20 миллион доллардан ашык суммадагы соода келишимине кол коюлду. Ооганстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен, өзгөчө Өзбекстан Республикасы менен соода-экономикалык алакасы азыр тарыхта болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти”, — деген Азизи.
Ал белгилегендей, эки өлкөнүн жеке секторлорунун ортосундагы мамилелерди жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттер соода көлөмүнүн өсүшүнө жана соода балансынын жакшырышына алып келиши керек.
Өзбекстандын Кабулдагы элчиси Ойбек Османов өлкөсү Ооганстан менен эки тараптуу сооданы чыңдоого умтуларын тастыктады.
“Биз жакынкы жылдарда Ооганстан менен сооданын көлөмүн эки миллиард долларга жеткирүүгө даярбыз”, – деди ал кол коюу аземинде.
Ооганстандын Соода жана инвестиция палатасынын (ACCI) төрагасы Саид Карим Хашеми эки өлкөнүн өкмөттөрүн ишкерлерге көбүрөөк консулдук колдоо көрсөтүүгө чакырды.
“Узак мөөнөттүү көп жолку бизнес визалар жана башка зарыл консулдук кызматтар көрсөтүлбөсө, сооданын кеңейүүсүн көрбөйбүз… Ошондой эле тиешелүү органдарды инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча эки тараптуу келишимге кол коюуну тездетүүгө чакырабыз”, – деп кошумчалаган чиновник.
Өзбекстандын Соода-экспорттук палатасынын жетекчиси Баходир Тошматов келишимге кол коюуну кубаттады.
“Биздин өлкөлөр ортосундагы соода алакалары күндөн-күнгө өсүп жатат. Биз бул өнөктөштүктүн алкагында көптөгөн коммерциялык келишимдерге кол койдук. Бул жолугушуу эки өлкөнүн жеке секторлорунун мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы жолдорун аныктоого багытталган”, – деп белгилеген ал.
“Ariana news” порталынын маалыматына караганда, иш-чара Ооганстандын Соода жана инвестиция палатасы тарабынан уюштурулуп, эки өлкөнүн бизнес-лидерлери менен соодагерлеринин башын бириктирди. Ооганстандын Соода жана инвестиция палатасынын өкүлдөрү ошондой эле аймактык биргелешкен соода палатасын түзүү Ооганстанды европалык рыноктор менен байланыштырууга жардам берерин белгилешти.


















