Эми соттолгон жарандар жаза мөөнөтүн өз мекенинде уланта алышат.
Өзбекстандын президенти Кыргыз Республикасы менен эркинен ажыратылган адамдарды өз өлкөсүнө өткөрүп берүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул мыйзамга ылайык, эми эки өлкө өз ара макулдашуу жолу менен соттолгондорду алмаштыра алат. Мындай маалыматты Өзбекстандын ЖМКлары билдирди.
Бул келишим 2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун визити маалында кол коюлган.
Соттолгондорду өткөрүп берүү «Дустлик/Достук» чек ара көзөмөл өткөрмө бекети аркылуу ишке ашырылат. Документте чыгымдарды жабуу, талаш-тартыштарды чечүү, расмий тилдерди колдонуу жана башка уюштуруу тартиби да белгиленген. Макулдашууга ылайык, Өзбекстан менен Кыргызстандын Башкы прокуратуралары борбордук ыйгарым укуктуу органдар катары аныкталган.
Бул демилге соттолгондордун социалдык реабилитациясына, үй-бүлөлөрү менен байланыштарын сактоого жана эки өлкөнүн кызматташуусун чыңдоого багытталган.
Жеткиликтүү маалыматтарга ылайык, учурда Кыргызстанда 100дөй өзбекстандык жаран, ал эми Өзбекстанда 50гө жакын кыргызстандык жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат.



















