«Казакстан-Өзбекстан» IV Аймактар аралык кызматташтык бизнес-форумунун алкагында 352 миллион доллардан ашык суммага 76 документке кол коюлганы Казакстандын премьер-министринин сайтында жазылган.
«Бүгүнкү жолугушуу жаңы демилгелеген долбоорлорду ишке ашыруунун башталышы болуп, бүтүндөй Борбордук Азия аймагынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга чоң салым кошот деп ишенем», – деп баса белгиледи Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов.
Ошондой эле Казакстан менен Өзбекстандын аймактарынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.

Казакстан Өзбекстанга мунай-химия, металлургия, автомобиль, өнөр жай, тамак-аш, химия жана фармацевтика тармактарын кошкондо, кошумча наркы жогору товарлардын 40 түрү боюнча 550 миллион доллардан ашык суммадагы экспортту көбөйтүүгө даяр.
Ошондой эле транспорттук-логистикалык потенциалды жакшыртуу маселелери каралды. Өзбекстандын соода жүгүртүүсүнүн жарымынан көбү Казакстан аркылуу өтөт. Транспорттун ар турдуу турлеру менен жургунчулерду ташуу боюнча 18 маршрут уюштурулган, бул байланыштарды мындан ары чыцдоо учун жаңы мүмкүнчүлүктердү тузет.
Өзгөчө көңүл инвестициянын көлөмү 3,4 миллиард долларды түзгөн 74 биргелешкен долбоорду ишке ашырууга жана 14,6 миң жумушчу орундарын түзүүгө бурулду. Анын ичинен Казакстанда 65 ишкана ачуу пландалып, алар 13,6 миң жаңы жумуш орундарын камсыздайт. Бүгүнкү күндө Казакстанда 9, Өзбекстанда 3 биргелешкен долбоор ишке ашырылып, 4,8 миң жумушчу орун түзүлдү.

«Чек ара аймактары бири-бири менен – Каракалпакстан Республикасы Мангистау облусу менен, Ташкент Түркстан менен, Навои менен Кызылорда түз жана тыгыз байланыш түзүшкөн. Биздин башка аймактарыбыз да ырааттуу түрдө байланыштарды чыңдап, соода мамилелерин жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүдө. Ошол эле учурда ишке аша элек чоң мүмкүнчүлүк бар», – деди Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов.

















