Иран Ислам Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда транспорт жана транзиттик кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Тегеран менен Ташкенттин ортосунда транспорт жана транзиттик кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна Иран Ислам Республикасынын Жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Фарзане Садег, Өзбекстан Республикасынын транспорт министри Илхом Махкамов жана Ирандын жолдор жана шаар куруу министринин орун басары, порттор жана деңиз уюмунун башкы директору Саид Расулинин катышуусунда кол коюлду.
Иран менен Өзбекстандын ортосундагы транзиттик-инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна Өзбекстандын Транспорт министрлигинин стратегиялык саясат боюнча башкы директору Холматов Бекзод менен Ирандын Порттор жана деңиз уюмунун транзиттик, логистика жана макулдашуулар боюнча башкы директору Казем Салехи кол коюшту.
Бул өз ара түшүнүшүү меморандумунун негизинде Өзбекстандын жеке сектору үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр Шахид Ражаи портунун жээгинде атайын терминал жана логистикалык борбордун курулушу үчүн берилет.
Ошондой эле, бул өз ара түшүнүшүү меморандумунун негизинде Тегеран менен Ташкент атайын логистикалык борбор менен терминалдын курулушуна өзбек жеке секторунун инвестициясы үчүн керектүү уруксаттарды жана ишке ашыруу пландарын алууга көмөктөшүүнү макулдашты.


















