Өзбекстан Кытай менен биргеликте Кашкадарыя облусунда автоунаа чыгарууну пландап жатканын облустук акимчилик билдирди. Учурда облустун акими Муротжон Азимов баштаган делегация Кытайда жүрөт.
Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Иш сапардын алкагында делегация мүчөлөрү «JAC Motors» компаниясынын иши менен таанышты.
«Бул компания чыгарган салттуу жана электромобилдерди Карши шаарында чыгарууну баштоо маселеси талкууланды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда облуста жеңил унааларды чыгаруу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат.
«Компаниянын жетекчилиги менен жолугушууда делегация мүчөлөрү бул инвестициялык долбоор келечекте облустун визиттик карточкасы болоорун белгилешти. Башкача айтканда, компаниянын жетекчилигинин жакынкы аралыкта Карши шаарына келиши күтүлүүдө», — деп белгиленет маалыматта.
Региондо энергияны үнөмдөөчү, башкарууга оңой жана акылдуу унааларды чыгарууну киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда, иш сапардын жүрүшүндө дагы эки ири автоөндүрүүчү компания менен жолугушуулар пландалууда.
Белгилей кетсек, кытайлык «JAC Motors» компаниясынын унаалары 60тан ашык өлкөгө экспорттолот.