Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Ооганстанда курулуп жаткан Коштөбө каналы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Бул тууралуу 17-октябрда Сурхандарыя облусунун башчысы Улугбек Касымов “Газета.uz” сайтына билдирди.
Касымовдун айтымында, канал Өзбекстандын эмес, Тажикстандын чек арасына жакын жерге курулуп жатканы менен ал бардык өлкөлөргө бирдей таасирин тийгизет.
Облус башчысы президенттин тапшырмасы менен өкмөттүк делегация түзүлүп жатканын, абал менен таанышуу үчүн ал өзү да делегациянын курамында Ооганстанга барарын кошумчалады.
“Биз барсак сөзсүз түрдө суу бөлүштүрүү маселени көтөрөбүз. Азыр сапар качан болору каралып жатат. Биз аларга кат жөнөттүк, бир жарым айдан кийин барышыбыз мүмкүн”, – деди Касымов.
Коштөбө каналы Ооганстандын Балх провинциясындагы Калдар районунан башталып, Фарьяб провинциясынын Андхой районуна чейин созулат. Анын узундугу 280 чакырымды, туурасы 100 метрди түзөт.
“Азаттыктын” ооган кызматынын маалыматына караганда, Коштөбө каналын куруу долбоору өткөн кылымдын 70-жылдары Ооганстан Республикасынын туңгуч президенти Мухаммад Дауд Хандын тушунда иштелип чыккан. 2018-жылы ага Ашраф Ганинин өкмөтү өзгөрүүлөрдү киргизген. Бийликке “Талибан” кыймылы келгенден кийин каналдын курулушуна бюджеттен 100 миллион доллар бөлүнүп, долбоорду ишке ашыруу 2022-жылы мартта башталган.
Курулуш иштери беш жылдын ичинде аяктайт деп пландалууда. Андан соң Ооганстан Амударыядагы суунун үчтөн бирин алат деп күтүлүүдө. “Талибан” өкмөтү билдиргендей, канал Балх, Жаузжан жана Фарьяб провинцияларындагы 500 миң гектарга жакын талааны сугат суу менен камсыз кылат.
12-октябрда Коштөбө каналын куруунун экинчи этабы башталды. Анын ачылышында сүйлөгөн талибдердин өкүлү аймактагы өлкөлөрдү, өзгөчө Өзбекстанды каналдын курулушуна тынчсызданбоого чакырган. Ал Ооганстан аймактагы маселелерди дипломатиялык жолдор менен чечүүгө даяр экенин кошумчалаган.



















