Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан аркылуу Каспий деңизинин түбү менен электр кабелин тартуу долбоорунун алкагында 2030-жылга чейин Европага электр энергиясын экспорттоо пландалууда.
Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын аягына чейин кайра жаралуучу булактардан алынган жалпы энергетикалык кубаттуулук 4 ГВттан, ал эми 2030-жылга чейин 20 ГВттан ашаары күтүлүүдө. Демек, анын 2ден 5 ГВтка чейинкисин Европага экспорттоо пландалууда. Экспорттун так көлөмү сатып алуучулардын керектөөсүнө жана электр энергиясын берүү тутумунун кубаттуулугуна жараша болот.
Бирок, Ташкент бир катар кыйынчылыктарга туш болот. Кабелди тартып алып өтүү үчүн Каспий боюндагы бардык өлкөлөрүнүн уруксаты талап кылынат.
Аталган амбициялуу долбоор керектүү инфраструктураны камсыз кылуу үчүн олуттуу инвестицияны талап кылат.
Логистикалык жактан Европага баруучу жол татаал жана туруктуу энергия менен камсыздоону уюштурууну талап кылат. Бул – Казакстан аркылуу Борбордук Азиянын жалпы энергетикалык системасы, андан ары Каспий деңизинин түбү менен деңиз кабели аркылуу Азербайжанга, ал жерден Грузияга, андан ары Кара деңиздин түбү менен Румынияга, Венгрияга жана Болгарияга кабель менен жеткирүү керек.
Учурда Өзбекстан ички керектөөсүнүн өсүшү менен энергетикалык ресурстардын олуттуу жетишсиздигин башынан өткөрүп жатат. Эгерде өлкө жаңы электростанцияларды курууну тездетип, энергиянын кайра жаралуучу булактарын активдүүрөөк пайдаланып, мисалы: атомдук электростанцияларды кура турган болсо, анда ашыкча электр энергиясын экспорттоо тууралуу ойлонсо болот дешет айрым серепчилер.
Учурда Өзбекстан 2021-жылдагы электр энергиясынын жетишсиздигинин фонунда Ооганстанга электр энергиясын берүүнү эки эсеге кыскартты, ошондой эле электр энергиясын коңшу Түркмөнстандан сатып алууда.



















