Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларын сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, согуштун ар бир катышуучусуна 10 миң доллардан бир жолку акчалай сыйлык, ал эми согуштун катышуучуларына теңештирилген адамдарга 25 миллион сумдан төлөнөт.
Документте көрсөтүлгөндөй, 9-май – Эскерүү жана урматтоо күнүн өлкөдө жалпы элдик майрам катары кеңири белгилөө, Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон ата-бабалардын элесин түбөлүккө калтыруу, бүгүнкү күндө биздин катарда болуу менен Мекендин кадыр-баркын көтөрүүгө жана жаштарды руханий-адептик жактан тарбиялоого салым кошкон ардагерлерди, ошондой эле согуштун катышуучуларын жана согуштун катышуучуларына теңелген ардагерлерди материалдык жактан кызыктыруу максатында 941-1945-жылдары Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу бир жолку акчалай сыйлык белгиленсин:
- Экинчи дүйнөлүк согуштун ар бир катышуучусуна жана майыптарга 10 000 (он миң) АКШ доллары өлчөмүндө;
- Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусуна теңештирилген ар бир адамга 25 000 000 (жыйырма беш миллион) сум өлчөмүндө;
- 1941-1945-жылдардагы согуш мезгилиндеги эмгек фронтунун ар бир катышуучусуна 3 000 000 (үч миллион) сум өлчөмүндө.
Жарлыкты ишке ашырууга байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен жабылат.
Жергиликтүү бийлик органдарына бул акчалай сыйлыкты Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына жана майыптарына салтанаттуу жана майрамдык маанайда тапшырууну камсыз кылуу тапшырылды.
Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповго жүктөлдү.



















