Өзбекстан биринчи жолу БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешине (ЭКОСОС) 2025-жылдан 2027-жылга чейинки мөөнөткө шайланды.
Шайлоо 2024-жылдын 7-июнунда АКШнын Нью-Йорк шаарында жайгашкан БУУнун штаб-квартирасында өттү.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Өзбекстан БУУга мүчө мамлекеттерден 185 добуш алып, биринчи жолу ЭКОСОСтун мүчөсү болду.
БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңеши Уюмдун экономикалык жана социалдык ишмердүүлүгүн координациялоочу негизги орган болуп саналат.
Кеңештин 54 мүчөсү бар, алар үч жылдык мөөнөткө шайланат. ЭКОСОСто чечимдер жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алынат, мында ар бир мүчө бир добушка ээ.
Кеңеш өзүнүн ишин уюштуруу үчүн жыл сайын бир нече кыска сессияларды өткөрөт, ага жарандык коомдун өкүлдөрү активдүү катышат. ECOSOC ошондой эле жыл сайын июлда Женевада жана Нью-Йоркто кезектешип өтүүчү төрт жумалык маанилүү сессияны өткөрөт.



















