17- сентябрда Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Байсун районундагы “Эгемендүүлүккө 25 жыл” газ кенинде кайрадан авария болуп, эки адам каза болгонун Kun.uz маалымат агенттиги билдирди.
Өлкөнүн башкы прокуратурасынын жетекчиси Уктам Утаевдин айтымында, кырсыктын кесепетинен эки адам каза болуп, жаракат алгандар да бар. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
Ал ошондой эле бул окуянын негизинде газдын агып чыгуусунун кесепеттерин жоюу боюнча штаб жана өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн эске салды.
Буга чейин өлкөнүн маалымат каражаттары скважинадагы авария 15-сентябрда калыбына келтирилгендигин жазган.
Кырдаалга адистик баа берүү үчүн Өзбекстандан, ошондой эле Россиядан жана АКШдан эксперттердин келиши уюштурулган.

















