Өзбекстан кошуна Афганистандын Кунар жана Нангархар провинцияларындагы жер титирөөдөн жабыркаган тургундарга гуманитардык жардам көрсөттү. Балх провинциясына 300 тоннадай азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык жабдыктар жеткирилди.
Жардамды тапшыруу аземи Хайратон шаарындагы «Астрас» компаниясынын аймагында өттү. Иш-чарага Өзбекстандын президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Исматилла Эргашев, Сурхандарыя облусунун хокими Улугбек Касимов, Балхтын губернаторунун орун басары Нурулходи Абуидрис жана эки тараптын башка өкүлдөрү катышты.
Гуманитардык жүктүн курамында ун, күрүч, шекер, консервделген эт, макарон жана кондитердик азыктар, май, буурчак, маш, тез даярдалуучу тамактар, бөтөлкөдөгү суу, 10 тоннага жакын дары-дармек жана медициналык жабдуулар, ошондой эле беш миң жылуу жууркан бар.
Эске салсак, 1-сентябрга караган түнү Афганистандын чыгышында болгон жер титирөө акыркы жылдардагы эң кыйратуучу кырсыктардын бири болду. Курман болгондордун саны 3000ге жакындап калды.
Сүрөт: Сурхандарыя облусунун хокимияты






















