Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен, Нооруз майрамы жана Рамазан айына карата Афганистанга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Сурхандарыя облусунун хокимияты маалымдады.

Гуманитардык жүктүн курамына ун, макарон азыктары, өсүмдүк майы, шекер жана башка азык-түлүктөр кирген.
🔹 Жардам Балх провинциясына жеткирилди
Маалыматтарга ылайык, 200 тоннага жакын азык-түлүк Балх провинциясына жөнөтүлүп, Хайратон шаарында ASTRAS компаниясынын аймагында расмий түрдө тапшырылды.
Жардам берүү аземине Өзбекстандын президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Исматилла Иргашев, Сурхандарыя облусунун хокими Улугбек Косимов, министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле Балх провинциясынын губернатору Мухаммад Юсуф Вафа жана эки өлкөнүн расмий адамдары катышты.

🔹 Гуманитардык жардамдын курамында төмөндөгүлөр бар:
- Ун, буудай, макарон азыктары
- Өсүмдүк майы, шекер
- Тез даярдалуучу азыктар, кызыл буурчак жана маш.
🔹 Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жолугушуу өттү
Мындан тышкары, Мазари-Шариф шаарында эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, анда Өзбекстан менен Афганистандын кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле, Афганистанда Имам Бухаринин мазарынын курулушу боюнча маселе да көтөрүлдү.
Афганистандын расмий өкүлдөрү Өзбекстандын президенти жана элине терең ыраазычылык билдирип, Рамазан айты менен куттукташты.
Ошондой эле, делегация жаңы долбоорлор менен таанышып, келечектеги кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.



















