Кечээ, 26-январда Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы азирети муфтийи Замир кары Ракыевдин жума намазы учурунда кызматынын кетерин күтүүсүздөн жар салгандыгы көпчүлүктү таң калтырып койду. Андыктан эл арасында ар кандай пикирлер айтылууда. Бул жагдай боюнча журналист, серепчи Манас Осмон Фейсбуктагы өзүнүн барагында мындай деп жазган:
– Азирети муфтий чапанын чечип, бирөөлөргө окшоп, креслосуна тырмышпай жума күнү коштошту да, кетип калды. Эми, айтайын десең сөз көп. Жакшы иштеди, ажылык үчүн тытышып, кызыл чеке болгондорду жөнгө салды, муфтиятты үйлүү кылды, молдокелердин интригаларына чекит койду, мечит, медреселерди документтештирди жана башка.
Иштеринде ийгилик жаратып жаткан бирөө, кокустан эле жылан чакпай, жылкы теппей “тойдум байдын кызына” деп басып кетпейт. Бардык нерсенин белгилүү себептери бар. Замир карыны жалпы кыргызстандыктар жакшы колдоп берди. Менимче, “торпоктун куйругу үзүлгөн жер” сыртта.
Кыкең 30 жылдын ичинде көп молдо көрдү. Лекин, таза, чынчыл, илимдүү, мойнунда кылыч турса да, акыйкатты айткан молдону өтө аз көрдү. Жалаң Акүй менен Көкүйгө жалтактаган молдокелерди да көрдү. Саунада жуунган, ажылыкта байыган молдолорго да күбөө болду. Ал эми Замир кары ушундай күңүрт иштерден качты, өзүн таза кармады. Азыр артында чуулгандуу иштердин күбүр, шыбыры жок, кызматты аман-эсен тапшырып алганына сүйүнүп, үйүндө отурса керек.
Кээ бир адамдар аны казино боюнча оюн айтпады деп күнөөлөп келишти эле. Жаңы муфтий да келет. Элдин таразасында ким оор басат аны, мезгил көрсөтөт.
Белгилей кетүүчү жагдай, Замир Ракиев ошол эле күнү кыргызстандыктарга видео-кайрылуу жасап, кызматтан өз ыктыяры менен кетип, бул өзүнүн гана шартына байланыштуу болгонун айтты.
“Үч жыл ичинде көптөгөн жакшы иштерге жетише алдык. Мамлекеттик мекемелер менен чогуу 5 миңден ашуун иш-чараларды өткөрдүк. Эки жолу эл аралык жыйын, отуз чакты өлкөдөн чакырып, эл аралык куран сынагын уюштурдук. Аллага кайсы жерде, кандай кызматта болбосун, муфтийликтен тышкары деле кызмат кылууга болот”, – деген Ракиев.
Ал ошондой эле мечит-медреселердин иши да тескөөгө алынганын кошумчалады.



















