Ооган бийлигин таануу чечими өз убагында кабыл алынарын Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Санкт- Петербург эл аралык экономикалык форум учурунда РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
“Орус тарап Ооганстандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн деңгээлин элчиге көтөрүү жөнүндө ооган бийлигине кабарлады жана биз анын Орусияга келишин күтөбүз”, – деди дипломат.
Кошумчалай кетсек, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы жүргүзгөн террористтик деп таанылган уюмдардын бирдиктүү реестрине ылайык, Орусиянын Жогорку сотунун өлкөдөгү талиптердин кыймылына тыюу салууну токтотуу чечими 17-апрелде чыгып, 20-майда күчүнө кирди. Бул аларга Ооганстанды башкаруучу режим менен мыйзамдуу түрдө өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет.
Буга чейин ооган тарап мындай чара Москванын да, Кабулдун да кызыкчылыгына жооп берерин билдирерин Gazeta.Ru агенттиги жазган.
Эске сала кетсек, 18-июндан 21-июнга чейин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму (SPIEF) өтүп жатат.


















