Францияда абдан катуу ысык болгондуктан, Эйфель мунарасынын администрациясы убактылуу анын чокусуна туристтерди киргизүүнү токтотту. Бул тууралуу 1-июлда Париждеги белгилүү көркөм жайдын расмий сайтында маалымдалды.
«Азыркы аномалдуу ысыкка байланыштуу Эйфель мунарасы коноктор менен кызматкерлердин коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн чара көрүүдө. 1- жана 2-июль күндөрү мунаранын чокусу толугу менен жабык болот. Бирок 1- жана 2-кабаттарга кирүүгө уруксат берилет», — деп айтылат билдирүүдө.
Мунаранын чокусуна буга чейин билет сатып алган туристтерге акчаны кайтарып берүү тууралуу маалымат электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
Ошондой эле администрация узун кезектер болушу мүмкүн экенин эскертип, билети жок келгендерге сапарды башка күнгө жылдырууну сунуштады. Конокторго күндөн сактанууну жана суу жутуп туруу керектигин эскертишти — жол бойлорунда жана эспланада иче турган суу менен фонтандар жеткиликтүү.
Европанын кургашы: континентти болуп көрбөгөн кургакчылык каптайт
Bloomberg агенттиги 30-июнда кабарлагандай, Батыш Европаны каптаган аномалдуу ысык жакынкы күндөрдө чегине жетет. Мындай жогорку температуралар электр тармактарын тобокелге салып, саламаттык сактоо тармагында өзгөчө кырдаалдарга алып келиши мүмкүн.
Аба ырайын көрсөткөн gismeteo.ru агенттигинин маалыматы боюнча, 1-июлга карата Парижде күн 36 даражага чейин ысыды.




















