Кыргызстанда заманбап коомдук дааратканалар пайда боло баштады. Бул тууралуу Кыргызстандагы Туроператорлор ассоциациясынын башчысы Сергей Глуховеров соцтармактагы баракчасынан билдирди.
Анын айтымында, заманбап Rest Points түйүндөрү КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо Фондунун колдоосу менен курулуп жатат. Мындай биринчи түйүн Ысык-Көл облусуна бараткандагы Кемин шаарында пайда болду.
«Мындай Rest Points түйүндөрү өлкөнүн бардык жеринде курулуп жатат. Жалпысынан 60ка жакынын куруу пландалып жатат, алардын айрымдары Rest Points болсо, калганы жөн эле даараткана болот», — деп жазды Глуховеров.
Ал ошондой эле эми аларга, айрыкча туризмде иштегендерге жол боюна токтоп, туристтерге эски коомдук дааратканаларга же таалага барууну сунуштап уят болбой каларына кубанып турушканын билдирди.
Rest Points түйүндөрүнөн электромобилди кубаттоого, тамактанууга, душка түшүүгө жана эң негизгиси дааратканага барууга болот. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да бардык шарттар түзүлгөн. Алар үчүн өзүнчө даараткана кабинасы бар.