Кыргызстандын туристтик бермети болгон Ысык-Көлдүн экологиясы, өзгөчө саркынды суулардын кайда агызылары тууралуу коомчулуктун арасында ар кандай сөздөр айтылып келет. Өзгөчө жыл сайын туристтик маал башталып, бир эле учурда миллионго жакын эс алуучуларды батырган мезгилде бул маселе өтө олуттуу көйгөйгө айланат.
2025-жылдын 24-июлунда Чолпон-Ата шаарында “Таза көл – 2025” аттуу экологиялык мониторинг форматында республикалык ММК өкүлдөрү жана блогерлер үчүн пресс-тур өттү. Бул иш-чараны экология министрлиги менен тиешелүү мекемелер, Чолпон-Ата шаарынын мэриясы жана “Ысык-Көлдү сактайлы” коомдук фонду демилгелешти. Максат – экологиялык кызматтардын ишин көрсөтүү менен катар эле региондогу эң көйгөйлүү маселелерге – саркынды сууларга, таштандыга жана туруктуу туризмди өнүктүрүү зарылдыгына көңүл буруу болду.
Журналисттерге Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу, “Ысык-Көлдү сактоо” коомдук фондунун төрайымы Рахат Жунушбаева, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Экотехинспекциянын жетекчилери, пансионаттардын жетекчилери саркынды суулардын кантип тазаланып, кандай колдонулуп жаткандыгы жана башка берилген суроолорго жооп беришти.

Бул жагдайды чечүү үчүн 2022-жылы президент Садыр Жапаров “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Аталган документте Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүп, ал көл комплексинин рекреациялык баалуулугунун төмөндөшүнө алып келгендиги жана болуп жаткан терс тенденциялар сакталган учурда кайтарылгыс экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн экендиги баса белгиленген. Ошондой эле Ысык-Көлдүн аймагын булгоонун негизги булагы калктуу конуштар болуп саналары белгиленген. Анткени тургундар, уюмдар, ишканалар саркынды сууларды жана калдыктарды дарыяларга, айрым жерлерде түздөн-түз көлгө агызышат. Себеби тазалоочу курулмалар таптакыр жок же бар болсо да тазалоо сапаты белгиленген талаптарга жооп бербейт. Натыйжада көлгө органикалык жана химиялык кошулмаларды камтыган кооптуу булганган саркынды суулардын олуттуу көлөмү кошулуп жатат.
Ысык-Көл 2002-жылы ЮНЕСКОнун «Адам жана биосфера» программасынын алкагында эл аралык мааниге ээ биосфералык аймак катары таанылган. Бул деген – бүткүл регион өзгөчө табигый комплекс катары каралып, назик экосистема менен активдүү чарбалык ишмердүүлүк айкалышат. Жай мезгилинде миңдеген туристтер, кышында тоо лыжаларын сүйгөндөр жана жаратылышты сүйүүчүлөр келишет. Бирок туризмдин өсүшү менен экологияга болгон басым да күчөп жатат. Эң чоң чакырык – саркынды сууларды тазалоо маселеси болуп кала берүүдө.
Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайларына жүргүзүлгөн акыркы толук инвентаризация 1198 объектти аныктаган, алардын ичинен 165 пансионат, 64 мейманкана, 932 конок үйү жана 37 боз үй лагери бар. Көпчүлүк жеке конок үйлөрүндө жана боз үй шаарчаларында заманбап тазалоо курулмалары жок, бул көлдүн уникалдуу экосистемасына түз коркунуч жаратат.
Аймактык экология башкармалыгынын маалыматы боюнча, болгону 226 объект заманбап тазалоо системасына туташкан. Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарларында 5 борборлоштурулган тазалоо станциясы иштейт, ал эми 2025-жылы дагы 41 жаңы система орнотулган (Кыргыз Республикасынын Табият ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин расмий маалыматы). Бул маанилүү жетишкендик, бирок Ысык-Көлдү толук коргоо үчүн жетишсиз.
Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу пресс-тур учурунда маалымдагандай, азыр жаңы саркынды сууларды тазалоо станциясы курулууда. Жалпы долбоордун баасы 64,9 миң АКШ долларын түзөт. Бул станция 2 жылдын ичинде ишке берилет жана Чолпон-Ата, Бостери, Долинка аймактарын толук кандуу туташтырат. Натыйжада тазаланбаган саркынды суулардын жер астындагы сууга жана көлгө түшүшү азаят.
Аймактык маселелер да көңүл сыртында калган жок. «Ысык-Көлдү сактайлы» коомдук фондунун төрайымы Рахат Жунушбаева билдиргендей, фонд Түштүк Корея Республикасынын гранттык программасынын колдоосу менен Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы райондук оорукана үчүн заманбап тазалоо курулмасын куруп жатат. Объекттин баасы – 160 миң доллар, аянты – 2 гектар. Курулуш аяктагандан кийин станция саркынды сууларды гана эмес, медициналык калдыктарды да тазалап, сууну техникалык муктаждыктар жана сугат үчүн кайра колдонууга мүмкүндүк берет. Анын айтымында:
«Ысык-Көлдүн ар бир тургуну түшүнүшү керек – көлдү коргоо өзүбүздөн башталат. Фильтр орнотуу, таштандыны бөлүп чогултуу сыяктуу ар бир кадам маанилүү. Биз миң жылдап түзүлгөн байлыкты жоготууга акыбыз жок».
Саркынды суулардан тышкары, Ысык-Көл үчүн дагы бир чоң коркунуч – пластикалык таштандылар. Кыргызстан 2023-жылдын 9-августунда №177 Мыйзамды кабыл алган: «Полиэтилен таңгактар жана пленкадан жасалган пластикалык буюмдардын жүгүртүлүшүн чектөө жөнүндө». Бул мыйзамдын негизинде Ысык-Көл облусунда ири маалыматтык кампания жүрүп жатат – ишкерлерге 950дөн ашык расмий эскертүү берилген, эл жана бизнес менен жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.
Илимпоздор, экологдор жана активисттердин пикирлери бирдей: эч бир технология көлдү сактап калбайт, эгерде жергиликтүү тургундар, ишкерлер жана туристтер бул процесске катышпаса. Экологиялык эс алууну тандаган, таштандыны сорттогон жана тазалыкты кармаган ар бир адам – Ысык-Көлдү сактап калуу боюнча чоң иштин бир бөлүгү. Ысык-Көлдү бөлүп-бөлүп сактоо мүмкүн эмес. Аны бирдиктүү тирүү система катары караш керек. Ар бирибиз бул үчүн жоопкербиз.
Ысык-Көл – бул жөн гана Кыргызстандын табигый бермети эмес, илимий жактан да баалуу объект. Аны сактоо – региондун саламаттыгын жана биздин балдарга таза, жашоого жөндөмдүү мурастын жетүүсүн камсыз кылуу дегенди билдирет.
А. Насирдинов: “Ак-Бермет” пансионатынын ээси: “Саркынды суулар тазаланып, кайра сугатка колдонулат”

Биздин алгачкы сапарыбыз “Ак-Бермет” пансионатындагы саркынды сууларды тазалоочу станцияны көрүүдөн башталды. Аталган эс алуучу жайдын ээси Акжолтой Насирдиновдун айтуусунда, бул жерде он жыл мурда ишке берилген саркынды сууларды тазалоочу станция суткасына 200 куб сууну тазалап, бак-дарактарды жана эгин аянттарын сугаруу үчүн колдонулат.
- Биздин пансионатта 4 гектар аянтта бак-дарак өстүрүлөт. Саркынды суулар тазаланган соң ошол бактарды сугарууга колдонулат. Биздеги дагы бир өзгөчөлүк, жер астынан чыккан табигый ысык суунун бар экендиги. Ошого эс алуучулар бир эле туристтик маалда эмес, кышында да үзүлбөй келип турушат. Өзүңүздөр көрүп тургандай, “Ак-Бермет” пансионатынын эс алуучуларынын көпчүлүгү улгайган адамдар. Алар колу-буту кыймылдабай калган абалда келишип, ысык сууга түшкөндөн кийин кадимкидей айыгып кетишүүдө.
Бул ысык суу 1515 метр тереңдиктеги жер астынан скважина менен сордурулуп чыгат. Аны биз атайын көлмөлөрдү жасап, адамдар түшкөнгө ыңгайлуу шарт түзүп бергенбиз. Ал эми чыккан суу канализациялык түтүк менен Көлгө куят. Белгилей кетүүчү жагдай, биз ысык сууга жуугандарга эч кандай самын, шампун же башка каражаттарды колдонтпойбуз. Айына эки жолу санэпидстанция Көлгө куюлган жерди барып текшерип турат. Бирок бул суу менен бак-дарактарды же өсүмдүктөрдү сугарууга болбойт, эгер кокусунан эгин аянтка куюлуп кетсе эле ал жерге эки жыл өсүмдүк өспөй же бак-дарак куурап калат.
Ысык суунун адамдардын ден соолугуна кандай дарылык касиети бар экендиги тууралуу айтып отурбайын, анын баары эс алуучулар үчүн жазылып коюлган. Учурда эс алуучулардын саны 800дүн тегерегинде болсо, дагы бир миң кишиге көбөйтөлү деп жатабыз. Азыр курулуш иштери башталды. Ошондо азыр сиздер көргөн тазалоочу курулманын күчү жетпей калат. Себеби ал суткасына 200 куб сууну тазалаганга гана ылайыкталган. Эгер аны ашырып жибере турган болсок, анда күчү жетпей калат. Келечекте бизде туристтердин саны бир мезгилде 1500-2000 адамга жетип, тазалоочу курулманын күчү жетпей калышы мүмкүн. Буюрса, 1-2 жылдан кийин бул айткан максатыбыз ишке ашса, саркынды сууларды тазалаган станцияны да кеңейтебиз же шаардык системага кошулабыз.
Жердин астынан 1515 метр тереңдиктен чыккан суу 1975-жылы сордурулуп чыгарылган, Ысык-Көлдүн айланасында жалпысынан 700дөн ашык ушундай ысык суу чыккан скважиналар бар. Баардыгынан эле ушундай ысык суу эмес, кээ бирөөнөн термальный, кээ бирөөнөн пресной суу чыккан. Долинкадан Тамчыга чейин жалаң термальный суу. Ал жакта эч кандай минерал жок. Биздики болсо, термально-минеральный суу. Ысык-Көлдүн аталышы менен кышында 20-30 градус суукта да деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте туруп тоңбогондугунун сыры ушул жер астындагы ысык, термальный суулар бар экендигинде. Ошон үчүн туздуу.
Рахат Жунушбаева, “Ысык-Көлдү сактоо” коомдук фондунун төрайымы:
“Биз эки жылда идеядан конкреттүү иштерди жасаганга өттүк”
-Башында бизде Ысык-Көлдү кантип сактайбыз, кандай иш чараларды өткөрөбүз деген идеялар гана бар болчу. Эки жылдын аралыгында идеядан конкреттүү иш чараларды жасаганга жетиштик. “Ысык-Көлдү сактоо” фондун түзүүнүн негизги максаты – бир эле Кыргызстандын эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын бермети болгон Ысык-Көлүбүздү кантип сактап калуу, ошого кандай чараларды көрүшүбүз керек, коомчулуктун, элдин көңүлүн ушул көйгөйгө буруу болчу. Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдү сактоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү тууралуу Жарлыгы чыккан. Мен жеке жаран, ушул коомдун жетекчиси катары мамлекет башчыбыздын ушул демилгесин толугу менен колдоймун.
Ошондуктан жалпы элге кайрылат элем, президентибиздин ушул экологиялык демилгесин баардыгыбыз кол кабыш кылып, колдошубуз керек. Кийинки муунга таза мурасты кантип таза бойдон өткөрүп берүүгө иш аракеттерди жасашыбыз керек деп ойлоймун.
Азыр биз жөн гана сөз менен чектелип калбастан, иштиктүү чараларды көрүп келатабыз. Мисалы, быйыл Тоң районундагы райондук оорукана менен Меморандум түзүлүп, ошол жакка Түштүк Корея Республикасынан келген баасы 160 миң долларлык саркынды сууларды тазалоочу жабдыктар быйыл сентябрь айына чейин орнотулмакчы. Андан тышкары ушул эле Түштүк Корея мамлекетинин экология министрлиги менен биргеликте профессорлорду чакырып, Ысык-Көлдү толук кыдыртып чыгып, кандай иш чараларды өткөрүү тууралуу экофорумдарды уюштуруп келатабыз. Аларды өлкөбүздүн Илимдер Академиясынын профессорлору менен жолуктуруп, эки жылдын аралыгында эки экофорумду өткөргөнгө жетиштик. Андан тышкары заманбап технологияларды алып келип жатабыз. Пансионаттарды заманбап технологиялар менен салуу боюнча өзүбүздүн кеңештерибизди берип келатабыз.
Эң негизгиси, Ысык-Көлдү таза сактоо боюнча элге маалымат жеткирүү, элдин аң-сезимин өзгөртүү боюнча иш чараларды өткөрүп келатабыз. Буга сиздер – журналисттердин да жардамыңыздар керек.
Иш-чара учурунда Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу шаардын аймагында 64,9 миң АКШ долларына саркынды суу тазалоочу жаңы станция курулуп жатканын билдирди. “Бул 2 жыл аралыгында курулуп бүтүп, бүтүндөй Чолпон-Ата, Бостери жана Долинка аймагы толук кошулуп, саркынды суулардын көйгөйлөрү чечилет” -деп билдирди Чолпон Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу.
Махмут Турдакунов, “Чолпон-Ата сууканал” ишканасынын жетекчиси:
“Эки жылда Бостериден баштап, Кара-Ой айылына чейин калдык сууларды кабыл алган станция курулат”

-Бүгүнкү күндө өзүңүздөр көргөндөй, калдык суу тазалоочу жайда механикалык гана тазалоо иштери жүрүп жатат. Азыркы жайкы мезгилде суткасына 7-8 миң кубка чейин калдык сууларды кабыл алабыз, ал эми кышында 3-4 миң куб болот.
Азыр Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен чоң долбоорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Жогор жакта курулуш иштери башталды. Жаңы калдык суу тазалоочу жайдын курулушу жүрүп жатат. Ал бүткөндө суткасына 14,8 куб калдык сууну кабыл алабыз. Бул башы Бостери айылындагы Асыл-Таш пансионатынан башталып, аягы Сары-Ой айылына чейинки баардык пансионаттардын саркынды суулары кошулат дегендик. Андан тышкары бул системага бир эле пансионаттар эмес, Бостери айылынын, Чолпон-Ата шаарынын, Кара-Ой айылында жашаган эл да кошулуп, саркынды сууну кайда агызуу көйгөйүнөн арылышмакчы.
Бул жерге түшкөндөн кийин суу тазаланып чыгат дагын, насос менен тээ тоо жакка чыгарылып, ал жерде тоонун суусу менен кошулуп, андан кийин сугатка кетет.
Ушул тапта тендерден утуп алган “Чайна Роуд” компаниясы келип, куруучулардын жатакана, ашканаларын кура баштады. Ошол эле маалда калдык сууну сактоочу жайдын чуңкурларын казуу иштери жүрүп жатат. Бул долбоор 2 жылга эсептелген. Бир эле мезгилде Бостери айылынан баштап насостук станцияларды, түтүк магистралдарды куруу иштери да жүргүзүлөт.
Эмилбек Момунов,
Бишкек-Чолпон-Ата,
Фото/видео: Влад Ушаков



















