Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Эл аралык “Мейкин Азия” популярдуу музыка аткаруучуларынын IV фестивалы башталды. Бул тууралуу жеринен “Eurasia Today” агенттигинин кабарчысы билдирет.
Ага жакынкы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусиядан сырткары, Түркия, Польша сыяктуу Европа мамлекеттеринен жана андан ары Аргентинадан болуп, жалпы 25 мамлекеттен жаш ырчылар чакырылган. Ал эми Кыргызстандан үч ырчы катышууда.
Бул жолку фестивалдын өзгөчөлүгү биринчи жолу жеңүүчүлөр онлайн режиминде тандалат.
Аталган фестивалда сөз сүйлөгөн Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов аталган иш-чара эбак эле кадимки музыкалык чегинен чыгып кеткенин билдирди. Анын айтымында, фестиваль маданияттардын көп түрдүүлүгүнүн жана биримдигинин символу болуп, эл аралык аренада татыктуу ордун тапты.
“Аталган фестиваль Азия менен Европанын таланттуу ырчыларын бириктирген маанилүү маданий иш-чарага айланды. Музыка – чек билбеген тил. Ал элдерди жакындатат, жаратмандыкка шыктандырат жана эң оор мезгилде элдердин достугун бекемдейт. Кыргызстандын жүрөгү болгон Ысык-Көл – бүгүн бүтүндөй Азия үчүн руханий борборго айланып турат. Биз маданиятты, өнөрдү жана өнөктөштүктү жогору коюп келебиз. “Мейкин Азия” фестивалы да ушул асыл максаттарды ишке ашырып, жаңы таланттарга жол ачып келет”, – деди ал.
Ал эми Маданият, маалымат жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев да сөз сүйлөп бул фестиваль – маданий-тарыхый зор мааниге ээ машстабдуу иш-чара экенин белгиледи.
“Өнөр аркылуу биримдикке үндөгөн, дүйнө элдеринин жүрөгүн бир ыргакка бириктирген, тынчтыкты жана достукту туу туткан улуу аянтча. Жыл өткөн сайын фестивалдын масштабы кеңейип, бүгүнкү күндө Азия жана Европа өлкөлөрүнүн таланттуу артисттери үчүн өнөктөштүк, чыгармачыл кызматташтык жана достукту чыңдоонун ачык үлгүсүнө айланып баратат”,-деди ал.
Төртүнчү жолу өткөрүлүп жаткан бул иш-чара 22-июлга чейин уланат. Акыркы күнү казакстандык эстрада жылдызы Димаш Кудайберген баштаган ырчылардын чоң программадагы концерти орун алат. Ага конок катары орусиялык AY YOLA тобу жана Армениядан Севак конок катары чакырылышкан.
Кыргызстан бул “Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалын ар эки жыл сайын өткөрүп турат. Анын максаты – музыка дүнөсүндө жаңы ысымдарды пайда кылып, эл аралык жана дүйнөлүк аренага чыгаруу болуп саналат. Алгач 2013-жылы өткөрүлгөн. Анда Гран-прин Димаш Кудайберген жеңип алган.
Сүрөт: Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги




















