Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү «Рохат» («Алтын жай») «Дилором» («Эне-Сай») «Золотые пески» («Бостери») жана »Бустон» пансионаттарын 49 жылга арендага берилмей болуп жаткан маселе боюнча пикиримди сурагандар болуп жатат.
Жеке пикиримди айтсам, бизге пансионаттардан да жер баалуу! Андыктан, Келишим түзгөндө жерди пайдалануу укугу гана берилип, жыл сайын жер салыгын төлөп туруу шарты так жазылганы оң. Анан да Кыргызстан үчүн ал жер керек боло турган кырдаал түзүлсө, эч бир шартка карабай, 49 жылды күтүп олтурбай эле үстүндөгү пансионаттардын компенсациясын төлөп туруп, кайра алуу укугубуз ал Келишимде ачык-так жазылышы керек.
Бул маселени тыкыр изилдеп, туура чечим кабыл албай туруп, дүңүнөн эле арендага берип салсак көлдө дагы бир анклав пайда болушу мүмкүн. Бул жагынан элдин жүгүн алган бийликтегилер, адистер, юристтер жоопкерчилик менен мамиле кылышат деген ойдомун. Анткени, биздин өткөн тарыхыбызда жерге байланыштуу ачуу чындыктар, биздин пайдага эмес, зыянга турган сабак болор мисалдар бир канча….
Кадыр Кошалиев.