Япония Өкмөтү “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында Улуттук кардиология жана терапия борборуна медициналык жабдууларды тапшырды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Гранттык контрактка ылайык, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жалпы суммасы 6 634 544 сомду түзгөн кызыл өңгөч аркылуу эхокардиография жасоо үчүн датчиги бар эксперттик класстагы көчмө санариптик УЗИ системасы тапшырылды.
Иш-чарага Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки катышты.
Баатырова Япониянын элчисине жана «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» программасынын координаторлоруна саламаттыкты сактоо уюмдарын жабдуулар менен камсыздоодо көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Берилген портативдик ЭХОКГ аппараты менен курч коронардык синдрому бар бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын мындан ары да жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү шашылыш кардиологиялык кызматты чыңдоо, бейтаптарга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», – деп белгиледи министр.