Япония Өкмөтү Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборуна жалпы суммасы 150 437 АКШ долларын түзгөн электрондук-оптикалык өзгөрткүч (Philips), жасалма дем алдыруучу аппарат, операциялык лампа, балдар бөлүмүндөгү керебеттер жана шкафтарды тапшырды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Тема боюнча:
Маалыматка караганда, жабдуулар Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адамдын коопсуздугу” гранттык программасынын негизинде балдар бөлүмүнө тапшырылган.
Иш-чарага Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидекинин, УФБнун директору Абдуллаат Кадыров жана борбордун кызматкерлери катышты.
Бакыт Джангазиев Япония мамлекетине Кыргызстанда кургак учук оорусун дарылоо жана диагностикалоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бул дарт менен күрөшүү өлкөнүн медицинасында артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын август айынын аягында Япония Өкмөтү “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында Улуттук кардиология жана терапия борборуна жалпы суммасы 6 634 544 сомду түзгөн кызыл өңгөч аркылуу эхокардиография жасоо үчүн датчиги бар эксперттик класстагы көчмө санариптик УЗИ системасын тапшырган.
“Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” боюнча гранттык программа Кыргыз Республикасында 1996-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, баштапкы саламаттыкты сактоо мекемелеринин, башталгыч билим берүүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын ж.б. аракеттери менен адамдын негизги муктаждыктарын чечүүгө багытталган. Ушул убакыттын ичинде, аталган программанын алкагында Кыргызстанда жалпы суммасы 12миллион 885 миң АКШ долларын түзгөн 1873 долбоор ишке ашырылган.