Америка Кошмо Штаттары Иран менен болгон согушта 1 000ден ашык алыс аралыкка учуучу Tomahawk ракеталарын, ошондой эле абадан коргонуу системалары үчүн 1 500дөн 2 000ге чейин маанилүү тосуп алуучу ракеталарды, анын ичинде THAAD жана Patriot системаларын колдонгон.
Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме берүү менен билдирди.
Басылманын маалыматына ылайык, сарпталган запастарды толук калыбына келтирүү алты жылга чейин созулушу мүмкүн. Бул АКШ администрациясында келечектеги мүмкүн болгон кризистерге карата операциялык пландарды кайра карап чыгуу боюнча талкууларды жаратканын WSJ белгилейт.
Мындай көлөмдөгү ок-дарынын колдонулушу айрым америкалык чиновниктерди АКШ жакын арада Кытайдын мүмкүн болгон Тайванга басып кирүүсү шартында аны коргоо боюнча пландарды толук аткара алабы деген тынчсызданууга салууда, деп жазат басылма. Ошол эле учурда расмий өкүлдөр Кытай менен жакын арада конфликт болот деген эч кандай белгилер жок экенин белгилешүүдө, ал эми Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин келерки айда Пекинде АКШ президенти Дональд Трамп менен саммитке даярданып жатканы айтылууда.


















