Өткөн жумада Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны азайтуу иши менен алектене турган ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетов медиктерге “чай пул” алууга уруксат берүүнү сунуштап, “официантка берилсе жакшы, ал эми дарыгерге берилсе пара болуп эсептелип калгандыгы туура эмес” экендигин билдирген.
“Биз мекеме аралык комиссиянын кароосуна “ыктыярдуу төлөм” түшүнүгүн киргизип жатабыз. Муну менен катар, “ыктыярдуу төлөм” сөзсүз касса аркылуу өтүп, акча агымы санариптик көзөмөлдө болушу керек”, – деди Баетов.
Муну Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев колдоп, Кыргызстанда орточо айлык 42 миң сом болсо, дарыгерлердин эмгек акысы 26 миң сом экенин айткан.
“Кээде “эгер мага төлөсөңөр операция жасайм” деп опузалоо болушу да мүмкүн. Бул туура эмес жана коррупция болуп саналат. Кызмат көрсөтүлбөй жатып шарт койгон болбойт. Бирок эгер дарыгер эч кандай шарт койбостон өз ишин мыкты аткарса, бейтап ыраазы болсо ал эмнеге ошол ыраазычылыкты алуудан уялышы керек”,- деген Чечейбаев.
Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дарыгерлерге “ыктыярдуу кошумча төлөм” же “чай пул” берүү демилгеси өкмөттүн позициясы эмес экенин билдирди.
Ошол эле учурда кафелерде кардарларды тейлеген кызматчыларга бериле турган “чай пулду” медицина кызматкерлерине байланыштыруу болбой тургандыгын жана бул аларды басынтат деген пикирин баса белгиледи.
Анын айтымына караганда, кандайдыр бир төлөмдү мыйзамдаштыруу өткөн жылдардын иши.
Бирок, бул маселе социалдык тармактардагы интернет колдонуучулардын талкуусуна жем таштап, бир катар сын пикирлерди жаратты.
Дарыгер эмне дейт?
Ишенбай Молдоташев, кардиолог, медицина илимдеринин доктору:
“Мындай жол менен чогулган акча врачтардын жашоосун жакшыртып жибербейт”
– Бул сунуш туура эмес. Ыктыярду кошумча төлөм эч кандай медиктердин жашосун жеңилдетип жибербейт. Тескеринче, коррупцияга алып келет. Байсалов туура айтат, “чай пулду” медицина кызматкерлерине байланыштыруу дарыгерлердин аброюуна туура келбейт.
Биз мындай этаптан өткөнбүз. Ар бир бөлүмдөрдө атайын кайрымдуулук фонд болгон. Ал фондго ар бир бейтап колунан келген акча төккөн. Ал акча бөлүмгө самын, кир жуучу каражаттар алынып, майда ремонтко колдонулган. Бара-бара ал ар бир бейтаптан талап кылынып, айрым бөлүм башчылары сол чөнтөккө сала баштаган. Ошондой эле биздин эл чайдын акчасын түз эле врачка ырызычылык катары өзүнө берип көнгөн.
Ошону менен жетпеген айлыгын врачтар аздыр-көптүр компенсация кылып жашап келишет. Эми ал акчаны кассага түшүрүш кыйын. Түшсө ал айлык маянага эле төлөнөбү, кандай бөлүштүрулөт жана башка ушул сыяктуу суролор көп. Анан ушул жол менен чогулган акча врачтардын жашоосун жакшыртып жибербейт деген ойдомун.
Чындап эле азыркы врачтардын маянасы салыштырмалуу абдан аз. Аныгын врачтардын өзүнөн тактаган туура болот. Мен мамлекеттик ишканада иштебегенден кийин так айта албайм.
Кошумчалай кетсем, азыркы учурда ар бир бейтап врачка “чайлык” бербейт же бере албайт.
Урмат Байматова, “Жалпы эл аралык мекендештер” коомунун төрайымы:
“Баетовдун сунушу элдин экиге бөлүнүшүнө алып келет”
– Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетовдун бул сунушу коррупциянын туу
чокусуна алып чыгат. Эгер иш жүзүнө аша турган болсо, элдин экиге бөлүнүшүнө алып келет. Биринчиси “байлардын клиникасына”, экинчи топ “кембагалдардын клиникасына” барат. Акчасы барлар атайын бөлмөлөргө, ал эми жоктору коридорго жаткырылат. Анын үстүнө “Ыктыярдуу төлөм түшүнүгү” бара-бара талап кылууга алып келет.
Эркин Чечейбаевдин айтымында, дарыгерлердин орточо айлык маянасы 26 миң сомду түзө турган болсо, өмүр боюу иштеген пенсионерлер айына 10 миң сомго жетпеген акча алышат. Реалдуулук менен тегиз карап көрөлү да. Мамлекет дарыгерлердин айлык маянысын аз да болсо көтөрүп берип жатат.
Дагы бир айта кетүүчү нерсе, бул система президет Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакшы иштери менен коррупцияга каршы кылган эмгегин жууп кетет.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева



















