АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс АКШ президенти Дональд Трамптан айырмаланып, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кайрадан шайланышын колдоодон баш тартты.
Журналист Марк Халперинге берген маегинде Вэнс Трамптын Нетаньяхуну колдогону тууралуу суроого жооп берип, АКШ президентинин колдоосу өлкөнүн жана дүйнөнүн саясий тарыхында чоң таасирге ээ экенин белгиледи.
Ошол эле учурда Вэнс 3-ноябрда өтө турган АКШдагы аралык шайлоолорго көңүл буруп жатканын баса белгиледи.
«Мен америкалык талапкерлерди колдойм жана аралык шайлоолордун алдында бардык көңүлүмдү ушул маселеге буруп жатам. Ошондуктан Израилдеги шайлоого кийлигишпейм», — деди ал.
Былтыр Вэнс Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды колдогон. Бирок Орбан жетектеген оңчул партия парламенттик шайлоодо жеңилип калган.
Июнь айында Вэнс Трамптын Иран менен согушту токтотуу аракеттерине каршы чыккан Израил өкмөтүнүн айрым өкүлдөрүн кескин сынга алган. Июль айында ал Израил өкмөтүнүн кээ бир өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу үчүн АКШдагы коомдук пикирге таасир этүүгө аракет кылып жатканын билдирген.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп 27-октябрга белгиленген шайлоодо Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну колдой турганын жарыялаган.














