Бул тууралуу ЖК депутаты Эмил Жамгырчиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги жана Улуттук жыйынынын депутаты Шандор Ковач менен жолугушуу учурунда айтылгандыгын парламенттин коомчулук жана маалымат каражаттары менен иштөө бөлүмү билдирди.
13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Жамгырчиев Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги жана Венгриянын Улуттук жыйынынын депутаты Шандор Ковач менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Депутат Эмил Жамгырчиев эки өлкөнүн алакасын арттырууда салым кошуп жатканы үчүн элчиге жана депутатка ыраазычылык билдирди.
“Биз Венгрия мамлекети менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Ал жакта билим алуу үчүн студенттерге жакшы шарттарды түзүүдө чоң көмөк көрсөттүңүз. Ошондой эле спорт тармагын да унутта калтырбай, өзгөчө көңүл буруп келесиз. Биргелешип ишке ашырып жаткан инвестицияларды тартуу аракеттерибиз жемишин берет деген үмүттөмүн. Венгриядагы биздин мигранттарга көңүл бурууну күчөтүүнү суранам”, – деди эл өкүлү.
Өз кезегинде элчи Шандор Дороги бул иштер кызматташтыктын башаты экенин белгилеп, мындан ары дагы алаканы чыңдоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Ал эми депутат Шандор Ковач жылуу кабыл алганы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн парламенттеринин ынтымагын чыңдоодо, тажрыйба алмашууда көмөкчү болорун айтты.


















