Будапешт шаарында кыргыз – венгер соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын IV жыйыны болуп өттү. Тараптар соода-инвестициялык кызматташтык, агрардык жана өнөр жай кооперациясы, санариптештирүү, авиация, энергетика жана башка бир катар маселелерди карашты. Мындан тышкары ветеринардык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.
Иш-чарага Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Мирбек Дүйшеев катышканын маалымат кызматы кабарлады.
“Жыйын эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоо жана практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болду. Тараптар соода-инвестициялык кызматташтык, агрардык жана өнөр жай кооперациясы, санариптештирүү, авиация, энергетика, транспорт жана гуманитардык алмашуулар сыяктуу кеңири маселелерди карашты”,- деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, эки тараптуу жыйындын алкагында Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Венгриянын Айыл чарба министрлигинин ортосунда ветеринария жана ветеринардык көзөмөл жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандум төмөнкү багыттар боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган:
Жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу үчүн маалымат жана тажрыйба алмашуу;
Эл аралык уюмдарда өз ара аракеттенүү;
Ветеринардык илимий жана диагностикалык мекемелердин кызматташуусу;
Ветеринардык көзөмөлгө алынган продукциялар менен коопсуз өз ара сооданы өнүктүрүү;
Мындан тышкары, Мирбек Дүйшеев Венгриянын Айыл чарба министрлигинин Мамлекеттик катчысынын орун басары Оскар Окрош менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү, мал чарба багытында кызматташууну кеңейтүү, кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу, анын ичинде венгр жогорку окуу жайларында кыргыз студенттерин гранттык негизде окутуу программаларын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
















