2025-жылдын 20-21-майында Венгриянын борбору Будапештте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башчыларынын бейформал саммити өтөт.
Бул тууралуу аталган уюмдун катчылыгы билдирди.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан уюштуруп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине мүчө мамлекеттер – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери жана саммитке байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү катышат.
Маалыматта белгиленгендей, «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деген ураан астында өтө турган бейформал саммит мамлекет башчылары үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө, аймактык жана глобалдык деңгээлдеги орток маселелерди талкуулоого маанилүү мүмкүнчүлүк болот.
Саммиттин жыйынтыгында Түрк мамлекеттери уюмунун жалпы көз карашын жана стратегиялык багытын ырастаган Будапешт декларациясынын кабыл алынышы, ошондой эле бир катар маанилүү чечимдердин жана демилгелердин жарыяланышы күтүлүүдө.
Формалдуу эмес саммиттин алдында Тышкы иштер министрлер кеңеши саммиттин күн тартибин жана мамлекет башчыларынын кароосуна сунуштала турган документтердин акыркы варианттарын даярдоо үчүн Будапештте чогулат.
Уюмдун бейформал саммитине Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Венгрияга барары белгилүү болду. Муну Акорданын басма сөз кызматы билдирди.



















