Казакстанда өтүүчү “Көшпендилер” (Көчмөндөр) оюндарында 1,5 миңден ашык ыктыярчы кызмат кылат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саякат оюндарын жайылтуу боюнча дирекциянын бөлүм башчысы Бакдаулет Жандилдаев билдирген.
Ал өз сөзүндө “Волонтерлорго коюлуучу негизги талаптардын бири жаш өзгөчөлүгү. Волонтерлук тажрыйбасы бар, 16 жаштан баштап, казак, орус, англис тилдерин билүүсү керек”,- деген.
Анын айтымына караганда, тандалган волонтерлордун баары казак, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөшөт. Ошондой эле француз, кытай жана араб тилдерин билет. Алар 1-сентябрдан тарта иштей башташат.
Волонтерлор азыр атайын даярдыктан өтүп жатат
Жаштар уюштуруучуларга 16 багытта колдоо көрсөтөрүн кошумчалалап, дирекцияга баш-аягы болуп, 5 миңден ашык арыз келип түшкөнүн жана алардын арасында чет элдиктер да бар экендигин айткан.
Белгилей кетсек, бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада 8-13-сентябрь аралыгында өтөт.
Жалпысынан 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө. Алар ат чабыш, күрөш, жаа атуу сыяктуу спорттун негизги 20 түрү жана 10 көрсөтмө түрү боюнча ат салышат.
Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. Ал эми IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.
Эскерте кетсек, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан велосипед менен барган Мамыт Таштанов, 1-августта V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына жол алган. 77 жаштагы Таштановдун бул кадамы өзүнүн айтуусуна караганда, түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун бекемдөө максатын көздөйт.



















