2025-жылдын 6-ноябрында, ЮНЕСКОнун конференциясынын 43-сессиясынын алкагында 194 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан ири жыйындын аянтчасында, Кыргызстан расмий кабыл алуу өткөрүп, 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турчу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тааныштырып, дүйнөнү оюндардын аянтчасындагы биримдикке чакырды.
КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев дүйнө коомчулугун бул иш-чарага катышууга чакырып, көчмөндөр оюндарын спорт, маданият, илим жана салттардын биримдигин чагылдырган уникалдуу аянтча экенин белгиледи.
Министр өз сөзүндө ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү тарабынан бир добуштан кабыл алынган 22-сентябрды “Эл аралык көчмөн мурастары күнү” деп жарыялоо боюнча резолюцияны белгиледи. Резолюция көчмөн салттардын маданий, тарыхый жана социалдык маанисин, ошондой эле алардын маданий ар түрдүүлүккө жана туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын дүйнөлүк деңгээлде таанууга көмөктөшүүгө багытталган.
“2026-жыл Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болот — өлкө Чыңгыз Айтматов негиздеген Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгын белгилейт. Форум элдердин өз ара түшүнүшүүсүн жана руханий баалуулуктарды даңазалаган аянтча болуп саналат”,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кабыл алуу жана тааныштыруу иш-чарасына эл аралык деңгээлдеги жогорку даражалуу коноктор катышты, ошол менен бирге ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле жана ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү (уюмдагы элчилер) да катышышты.
ЮНЕСКОнун 43-сессиясы 2025-жылдын 30-октябрынан 13-ноябрына чейин Самарканд шаарында өтүүдө — бул ЮНЕСКОнун тарыхында 40 жылдан кийин биринчи жолу Парижден тышкары башка өлкөдө өткөрүлүп жатат.



















