КР ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин көптөгөн автотранспорт каражаттарын каттоо бөлүмдөрүндө иш процесси токтоп калуулар байкалууда. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Анда мындай деп айтылат: — Урматтуу унаа ээлери КР ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемеси сиздерге маалымдайт, бүгүн, 2023-жылдын 13-сентябрында КР ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин көптөгөн автотранспорт каражаттарын каттоо бөлүмдөрүндө иш процесси токтоп калуулар байкалууда. Бул бир катар мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалымат системасында бузулуулар пайда болгонуна байланыштуу.
Учурда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бузулуулардын себептерин жоюу иштери жүрүп жатат.
Каттоо бөлүмдөрүнө кайрылган урматтуу жарандар, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз!»