Улуу Британиянын Саутпорт шаарында орун алган башаламандыктардан бул өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары жабыр тартышкан жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Аталган ведомствонун маалыматы боюнча, биздин министрлик аркылуу Улуу Британияга расмий түрдө жумушка кеткендер сезондук жумуштарда иштешет жана алардын дээрлик көпчүлү шаардын сыртында фермаларда эмгектенишет
Ал эми, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуяга байланыштуу кыргыз жарандарын Улуу Британияны бир катар шаарларына убактылуу барбай турууга чакырып, кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын жарандарына Ротерхэм, Болтон, Блэкпул, Халл, Бристоль, Сток-он-Трент, Белфаст, ошондой эле Манчестердин жана Ливерпуль шаарларынын аймактарындагы абал турукташканга чейин аталган шаарларга баруудан убактылуу баш тартууну сунуштады.
Тышкы иштер министрлиги ошону менен бирге, азыркы учурда Улуу Британиянын аталган аймактарында жүргөн Кыргызстандын жарандарын күчөтүлгөн коопсуздук чараларын сактоого, сак болууга, эл көп чогулган жерлерге баруудан карманууга жана акыркы жаңылыктарга көз салууга чакырат.
Белгилей кетүүчү жагдай, 29-июлда Улуу Британиянын Саутпорт шаарында 17 жаштагы өспүрүмдүн балдарга кол салып, үч баланын каза болушунан жана бир нечесинин жаракат алышынан улам жергиликтүү жаштардын мигранттарга каршы нааразылыгы күч алып, алар жашаган жатаканаларга өрт коюшууда.
Бул башаламандыктын келип чыгышына болжолдуу бурмаланган маалымат себепчи болгон.
Батыш Нортгемптоншир кеңешинин мүчөсү Люси Конноллинин жубайы X социалдык тармагында Саутпортто үч бала өлтүрүлгөндөн кийин мигранттар жашаган мейманканаларды өрттөөгө чакырган пост жарыялаган. Ал өз учурунда жазган постун өчүрүп, кечирим сураган менен аны укук коргоочулар камакка алган.
Бирок, мунун натыйжасында интернетте кылмыш үчүн мусулман мигрантты айыптаган жалган маалымат тараганы үчүн келгиндер, мечиттер бутага алынган. Британ бийлиги тополоңго катышуучулардын 400дөн ашык киши камакка алынганын тастыктап, Премьер-министр Кир Стармер шейшембиде полиция жетекчилери, министрлер менен курган чукул жыйындан кийин мусулмандарга, мигранттарга каршы козголоңду басуу үчүн полиция көчөлөрдү күнү-түнү кайтарарын билдирди.
Ал жыйындын жүрүшүндө “400дөн көп киши камакка алынды. 100 кишиге айып тагылды. Кээ бир жарандар интернеттеги посттору үчүн күнөөлөнүп, көпчүлүгүнүн иши сотто каралууда”,- деди. Өкмөт башчы өз сөзүндө аптанын аягына чейин алардын өкүмү чыга баштайт деп үмүттөнөрүн жана бул окуяга онлайн аралашкан кишилердин баары мыйзам алдында жоопко тартылыштары мүмкүндүгүн билдирген.
Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосунда эмгек келишими мамлекеттик деңгээлде түзүлгөн күндөн тартып Британиянын ар кайсы шаарларында миңдеген кыргызстандык эмгек мигранттары иштешет.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.




















