Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Улан Примов Кыргызстандын парламенти Америка тарап менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
“Кыргыз-америка карым-катнашынын маанилүү элементи болуп парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү саналат”, – деп белгиледи Примов.

Ошондой эле, комитеттин төрагасы Кыргызстандын жарандарына виза берүү маселесине өзгөчө көңүл буруп, кыргызстандыктар бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтты.
Ал америкалык тарап Кыргызстандын жарандарына виза берүү процессин мындан ары оптималдаштыруу боюнча ишти улантарына ишеним билдирди.
Мындан тышкары, төрага экономикалык өз ара аракеттенүү жаатындагы маселелерге токтолду.
Ал Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын, инвестициялык мыйзамдарды жакшыртуу жана эркин экономикалык аймактарды түзүү боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

АКШнын элчиси Лесли Вигери Жогорку Кеңештин АКШ Конгресси менен тыгыз өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Ал ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан ишке ашырылып жаткан программалар жана долбоорлор тууралуу айтып берди. Элчи виза маселесине да кеңири токтолду.
Жолугушууда тараптар ошондой эле Кыргыз-Америка кызматташтыгынын учурдагы маселелерин талкуулап, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.















