КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы жүргүзгөн контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан Б.у.Б. аттуу КР жараны аныкталып, кармалды.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган Б.у.Б. аттуу жаран 2022-жылдын 22-февралында Россияга иштөө үчүн барып, ал жерде кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган.
Ал жерден Б.у.Б “Вагнер” жеке аскердик компания (ЖАК) өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган жана келишимдик негизде Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына кошулган.
Ал 1-августта кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.
УКМК “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүдө” мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын эскертти.