Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

УКМКнын Жалал-Абаддагы кызматкерлерине 180 батир берилди

  • Башкы жаңылыктар
  • 30.08.2023 11:38

Loading

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда УКМКнын жана УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы курулган турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычын тапшырды.

Президент Садыр Жапаров  29-августта, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн курулган жаңы турак жай комплексинен батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөдө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн чыңдоого, өзгөчө улуттук коопсуздук органдарына жана чек ара кызматынын ишмердүүлүгүнө чоң көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Тема боюнча

Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен өнөр жайларын көзөмөлдөгөн  УКТ мүчөсү кармалды

Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен өнөр жайларын көзөмөлдөгөн УКТ мүчөсү кармалды

14.07.2026

“Мамлекет тарабынан аскер кызматкерлерине жаңы турак-жай куруу, заманбап кызматтык имараттарды салуу, кызматтык унаалар менен камсыз кылуу жана башка тийиштүү шарттарды түзүп берүү иштери тынымсыз уланууда.

Мынакей жакында эле улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери, ардагерлери жана алардын үй-бүлөсү менен жакындары үчүн Ысык-Көл облусунда “Айкөл” жана Арстанбап айылында “Ак илбирс” ден соолукту чыңдоо борборлорун капиталдык ремонттон өтүп, колдонууга берилгенине баарыбыз күбө болдук.

Бүгүнкү салтанаттуу иш-чара дагы өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнө карата мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктун бир бөлүгү десек туура болот”, – деди Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге Президент УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы үчүн турак-жай комплекси быйыл биринчи жолу курулганын маалымдады. Анда 180 батирдин 95и үч бөлмөлүү, 55и эки бөлмөлүү жана 30у бир бөлмөлүү. Батирлердин жалпы аянты 11233 чарчы метрди түзүп, курулуш иштерине 540 млн. сом акча каражаты сарпталды.

1 of 7
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7. default

“Бүгүнкү күндө комплекстин аймагында кызматкерлердин балдары үчүн 120 орундуу бала-бакча жана аскер госпиталынын курулушу кызуу жүрүп жатканын айта кетейин. Ал эми спорт залдын курулушу дээрлик аяктап калды. Аз убакытта бул обьектилерди дагы салтанаттуу түрдө ачып, тапшырып беребиз.

Биз жоокерлерибизге, аскер кызматчыларыбызга алгач керектүү шарттардын баарын түзүп, анан катуу талап коебуз. Анткени улуттук коопсуздук, Ата Мекенибиздин бүтүндүгү баарынан кымбат турат. Шалаакылык кылып, ката кетирүүгө эч кимдин акысы жок”,- деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерине мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо аларды татыктуу кызмат өтөөгө түрткү бериши керектигин белгиледи.

Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров бул багыттагы иштер мындан ары да улана берерин баса белгилеп, күч түзүмдөрүнө, чек арачыларга, ардагерлерге, алардын жакындарына чың ден соолук, кажыбас кайрат жана үй-бүлөлүк бакубатчылык, ал эми Кыргызстанга туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: туракжайУКМКЧек ара кызматы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

А. Медетбеков: “Бишкек саммити – ШКУнун жаңы стратегиясын аныктайт”

А. Медетбеков: “Бишкек саммити – ШКУнун жаңы стратегиясын аныктайт”

25.08.2026
Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен өнөр жайларын көзөмөлдөгөн  УКТ мүчөсү кармалды

Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен өнөр жайларын көзөмөлдөгөн УКТ мүчөсү кармалды

14.07.2026
Эсеп палатасынын инспектору 900 миң сом пара алган

Эсеп палатасынын инспектору 900 миң сом пара алган

29.06.2026
Президенттин атынан журналисттерге батирлердин ачкычтары тапшырылды

Президенттин атынан журналисттерге батирлердин ачкычтары тапшырылды

27.06.2026
Тажикстанда чет элдик жарандарга кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берилет. Бирок бардык аймактарда эмес

Тажикстанда чет элдик жарандарга кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берилет. Бирок бардык аймактарда эмес

26.06.2026
Россияда  бийликти күч менен басып алууга чакырган  Кыргызстандын жараны кармалды

Россияда  бийликти күч менен басып алууга чакырган  Кыргызстандын жараны кармалды

26.06.2026
Ж. Баласагын атындагы КУУда бүтүрүүчүлөрдөн пара талап кылган менеджер кармалды

Ж. Баласагын атындагы КУУда бүтүрүүчүлөрдөн пара талап кылган менеджер кармалды

25.06.2026
Баткендеги баңги топтун лидери кармалды

Баткендеги баңги топтун лидери кармалды

15.06.2026
А. Медетбеков: “Террордук уюмдардын активдешүүсүнүн аркасында Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунучтуу жагдайлар бар”

А. Медетбеков: “Террордук уюмдардын активдешүүсүнүн аркасында Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунучтуу жагдайлар бар”

15.06.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.