Жер участокторун пайдаланууга мыйзамсыз берген жана ижарачылар тарабынан жерди пайдалануу шарттарын бузган фактылар УКМК тарабынан аныкталды…
Жер участогун берүү шарттарына ылайык, келишим түзгөн компания берилген аймакты көп кабаттуу үйлөр менен өздөштүрүшү керек болчу жана негизги шарттардын бири курулган батирлердин 10% муниципалдык менчикке берүү болгон. Бирок, бул шарттар аткарылган эмес.
Мэрияга алынган батирлер социалдык маселелерди чечүүгө жана өзгөчө муктаж болгон калктын аялуу катмарын турак-жай менен камсыз кылууга жумшалышы керек болчу. Ал ишке ашкан эмес…
Жыйынтыгында, жалпы аянты 6644 чарчы метр болгон 100дөн ашык батир жана турак эмес жайлар муниципалдык менчикке өткөн 505 миллион сом суммасында жана 88,9 миллион сом мамлекетке кайтарылды. Толтурулган зыяндын жалпы суммасы 593,9 млн сомду түздү…




















