Morning Midas аттуу жүк ташуучу кеме, бортунда 3 миңден ашуун унаа менен, Тынч океанында үч жумага созулган өрттөн кийин чөгүп кетти. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кемени башкарган эл аралык компания Zodiac Maritimeке таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттөн кийин кеме океандын ортосунда — жээктен болжол менен 360 миль алыста — кароосуз калган. Өрттүн айынан кемеде пайда болгон зыянга аба ырайынын катаалдыгы кошул-ташыл болуп, кырдаал мындан ары начарлаган.
«Натыйжада, кеменин ичине суу кирип, акыры 23-июнда чөгүп кеткен», — деп айтылат билдирүүдө.
3-июнда Аляска жээгинде Morning Midas кемесинде өрт чыккан. Ал кезде кемеде 3 миңден ашуун автоунаа жана 22 адамдан турган экипаж болгон. Алар өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракет кылышкан, бирок ийгиликке жетишкен эмес. АКШнын жээкти кайтаруу кызматы кеменин экипажын башка кеме аркылуу эвакуациялаган.
Буга чейин Япон деңизинде дагы «Айсберг» аттуу кемеде өрт чыккан.
Окуя болгон алгачкы күндөн тарта дүйнөлүк басма сөздүн назары ушул аварияга бурулду. Кеме Аляскадан 480 чакырым алыстыкта жайгашкан жана Кытайда өндүрүлгөн, Мексика рыногу үчүн багытталган миңдеген жаңы унааларды ташып бараткан учурда бортто ири өрт чыккан.
Zodiac Maritime башкаруучу компаниясынын расмий маалыматына ылайык, экипаж өрттү өчүрүү үчүн бардык аракеттерди көргөн, бирок жалынды көзөмөлдөп, толук өчүрүү мүмкүн болгон эмес. Өрттүн негизги себеби катары бортто жайгашкан 800 электромобилди көрсөтүштү — литий-иондуу батареялардын күйүшү кадимки өрттөргө караганда алда канча коркунучтуу деп эсептелет. Мындай батареялар күйгөндө өтө жогорку температура бөлүп чыгарат жана өчүрүлгөндөн кийин да кайрадан жалынга айланышы мүмкүн.
Бул деңиз кырсыгынын маанилүү жагы — экипаж мүчөлөрүнүн өз убагында куткарылышы болду. АКШнын Жээкти кайтаруу кызматы жана жанынан өтүп бараткан соода кемеси аркылуу 22 деңизчи эвакуацияланган.
Бирок кемедеги өрт бир нече жума бою өчпөй, жүктүн оордугу жана аба ырайынын начардыгы кырдаалды ого бетер татаалдаштырган. Акырында, кеме толугу менен чөгүп кеткен.
Аналитиктер жана экология адистери бул окуянын айлана-чөйрөгө тийгизе турган терс таасирлерине жана деңиз түбүнө түшкөн электромобилдердин аккумуляторлорунан келип чыгышы мүмкүн болгон кооптуулукка олуттуу тынчсызданууларын билдиришүүдө. Бир жагынан — Мексикага арналган чоң партиядагы унаалар, экинчи жагынан — океан экологиясына мүмкүн болгон зыян. Эл аралык адистер бул кырсыкты жылдын эң чуулгандуу транспорттук катастрофасы катары мүнөздөшүүдө.


















