Израиль-Палестина жаңжалын жакшы билген белгилүү коомдук ишмер, Кыргызстандын мурдагы Акыйкатчысы, Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты жана Малайзиядагы мурдагы элчи Турсунбай Бакир уулу өзүнүн соцтармактардагы баракчаларына жарыялаган видео билдирүүсүндө Израилдин Иранга кол салуусун айыптап, аны АКШнын колдоосунун натыйжасы деп атады.
Ал сионизмди фашизмге салыштырып, Израил менен АКШ өз аракеттеринин кесепеттерин күтүшү керек деди.
“Израиль дагы бир жолу өзүнүн согуш кылмышкери экенин көрсөттү — буга чейин кылгандарына канааттанбай, эми Иранга аба чабуулдарын баштады. Албетте, АКШ болбосо, коркутууга да батына албайт эле. Алар күчтүү айбандардын артына жашынып, кайраттуу болуп көрүнгөн коркок коёндор сыяктуу. Бирок Иран Израиль менен АКШ үчүн экинчи Вьетнамга айланышы мүмкүн. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып, Ирандын идеологиясы күчтүү, эр жүрөк, баатыр эли бар. Ошондуктан Америка өзүнүн марионеткасы Израилге Иранга кол салууга жол бергени — чоң жаңылыштык болду”, – деди Бакир уулу.
Ал дүйнө ойгонуп, сионизм чыныгы эмне экенин түшүнөт деген үмүтүн билдирди.
“Сионизм — эки эселенген Гитлер, эки эселенген фашизм. Гитлер да кошуна өлкөлөрдү басып алып, жерлерди тартып алып, талкалап, геноцид жүргүзгөн. Сионисттер да так ошол жолду андан да жаман кайталашууда. Бирок Гитлер бул маселеде пионер болгон, ал эми жөөттөр, өзгөчө сионисттик көз караштагы жөөттөр алар маңкурттар, алар тарыхты унутуп коюшкан. Алар өздөрү гитлердик башкесерлердин курмандыгы болушкан, эми өздөрү да ошол эле фашисттик жүрүм-турумду кайталап жатышат. Демек, Ирандын аракети туура, Палестинанын иши туура. Алар Израил менен Американы уяткарышсын. Израиль менен АКШ бул шайтандык иштери үчүн катуу сабак алышат деп ойлойм”, – деп сөзүн жыйынтыктады Турсунбай Бакир уулу.
Эске салсак, 13-июндан бери Израиль менен Ирандын ортосундагы кырдаал курчуду. Ал түнү Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Иранга каршы аскердик операция баштап, Ирандын өзөктүк программасынын объектилерине сокку урган. Чабуулдар Тегеранга да жасалып, натыйжада Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы, окумуштуулар жана 200дөн ашуун жай тургундар каза болушту. Израилдин аба күчтөрү Натанз, Фордо шаарларындагы өзөктүк объектилер жана башка аскердик жайларды да бутага алган.
13-июнь күнү кечинде Иран Израилге каршы жооп ирээтинде “Чындык убада 3” операциясын баштап, жөөт аймагына ракеталык жана дрон соккулары менен жооп берди. Андан бери эки өлкө бири-биринин аймагына ракеталык соккуларды жасоодо. Иран Тель-Авивдеги аскердик жана аскер-өнөр жай объектилерин бутага алып жатат. Эки өлкөдө тең курмандыктар жана кыйроолор бар.


















