Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Вьетнамга жасаган расмий сапарынын алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.
Меморандумдар, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы, ошондой эле Казакстандын жана Вьетнамдын мамлекеттик органдарынын жана компанияларынын ортосундагы макулдашуулар эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусунда кол коюлган, Акорданын маалымат кызматы кабарлады.
Токаев Ханойго жасаган сапарынын алкагында өлкө президенти Во Ван Тхыонг менен жолугушуп, сүйлөшүүлөдү өткөрдү.
«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-логистика, агроөнөр жай жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Кол коюлган документтер:
- 2023-2025-жылдарга Казакстан менен Вьетнамдын өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тездетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы;
- улуттук паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу;
- Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин ортосундагы туризм тармагындагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- «QazTrade” Соода саясаты борбору АК менен Вьетнамдын “VietTrade” сооданы өнүктүрүү боюнча агенттигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Инвестициялык комитети менен Вьетнамдын Инвестициялар боюнча агенттигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- «Казпочта» АК менен “Viet Post” корпорациясынын ортосундагы электрондук коммерцияны жана почта ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги менен “Vietjet Aviation” АКсынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- «НК КазМунайГаз» АК жана “Sovico Group” ортосундагы мунай-газ долбоорлоруна инвестициялоо жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- “Қазақстан Темір Жолы” жана “Sovico Group” АК ортосунда транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Инвестициялык комитети менен «Crystal Bay Tourism Group» АКсынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Microtech DFS Vietnam Company Limited менен Vela Corporation ортосундагы кызматташтык келишими;
- “Хабар” агентствосу менен “Vietnam Television” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;