Сауд Арабияга умра-кичи ажылык парзды аткаруу үчүн барган 580 өзбекстандык мыйзамсыз туристтик фирмалардын курмандыгы болушту. Анткени Мадинага убада кылынган сапарга жетпей, Өзбекстанга кайра келишти. Алар тамак-аш, баш калкалоочу жай жана керектүү жардамдардын жетишсиздиги сыяктуу кыйынчылыктарга туш болушкан.
Бул тууралуу “Өзбекстан 24” телеканалы билдирди.
Телеканалдын берген маалыматына караганда, туристтик агенттиктерге алданган зыяратчылар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен мекенине кайтууга жардам берилди.
Ошентип алданган ажамдар 22-апрелде бир нече чартердик каттамдар менен мекенине кайтарылды.
Жабырлануучулардын айтымында, адамдар бир бөлмөгө жайгаштырылып, Мадинага убада кылынган сапар уюштурулган эмес. Ошол эле учурда убактылуу турак жайдын жоктугунан адамдар көчөдө жашоого аргасыз болушкан.
Зыяратчылар Өзбекстанга кайтып келгенден кийин керектүү юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн.
Өзбек бийлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 2025-жылдын алгачкы үч айында лицензиясы жок ажылык сапарларды уюштуруу боюнча 34 кылмыш иши козголгон. 46 адам жоопкерчиликке тартылып, 53 туристтик фирманын иши токтотулган.
2024-жылы ноябрда Өзбекстандын дин иштери боюнча комитети умрага зыяратчыларды жөнөтүүгө лицензия алган туроператорлордун аталышын жарыялаган. Тизмеге 12 компания кирген. Алардын жарымы Ташкентте, үчөө Наманганда, бирден Үргөнч, Анжиян жана Маргилан шаарларында жайгашкан. Ошону менен бирге ведомство мусулмандардын ыйык жерлерине зыярат кылууну уюштуруу боюнча жарандарга мыйзамсыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн 200 базалык эсептик бирдик – 75 миллион сум (6 миң долларга жакын) айып пул каралганын эскерткен.
2019-жылдан тартып Өзбекстанда умра квотасы жоюлган. Бирок ажылыкка баруу үчүн өлкөнүн мусулмандар башкармалыгынын уруксаты талап кылынат.
Умра – кичи ажылык, анын ыйык Рамазан айында аткарылышы чоң ажылыкка барабар.



















