Түндүк Корея дүйшөмбү күнү АКШнын аймагына сокку урууга жөндөмдүү континенттер аралык “Хвасон-18” баллистикалык ракетасын сынады. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги билдирди.
Сыноого Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзү көз салып турду.
Кабарда Пхеньяндын чыгыш тарабындагы полигондон учурулган ракета 1 023 чакырым аралыкты 4 415 секундда басып өтүп, максималдуу бийиктиги 6 518 чакырымга жеткени айтылат. Маалыматка караганда, ракета Жапониянын Хоккайдо аралынын батыш тарабында деңизге түштү.
Ким Чен Ын бул сыноону “аскердик тирешүүнүн ойлонбогон истериясын күчөтүп жаткан агрессивдүү күчтөр үчүн белги” деп атады. Ал аталган ракетаны учуруу менен Пхеньян АКШ менен Түштүк Кореяга “күчтүү жана чечкиндүү жооп кайтарууга” даяр экенин көрсөткөнүн айтты.
“Хвасон-18” – Түндүк Кореянын эң заманбап жана күчтүү ракетасы. Ал өзөктүк куралды алып жүрүүгө жөндөмдүү жана анын радиусу теориялык жактан АКШнын бүткүл аймагын камтыйт. Ракетанын биринчи сыноосу 2023-жылы апрелде болгон.
АКШ, Түштүк Корея жана Жапония ракетанын учурулушун айыпташты. БУУнун Коопсуздук кеңеши шейшембиде Кошмо Штаттардын өтүнүчү менен бул маселени талкуулоо үчүн чогулат. АКШ жана анын өнөктөштөрү Түндүк Корея Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын бузуп жатканын белгилешүүдө.















