АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин орус-украин чатагын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышуусунун зарылдыгы жок экенин билдирди, деп маалымдайт Bloomberg.
Трамп Зеленский акыркы үч жылдан бери сүйлөшүүлөргө катышканын, бирок согушту токтотууга жетише албаганын белгиледи.
«Чынын айтсам, анын жолугушууларга катышуусу өтө маанилүү деп эсептебейм. Зеленский жолугушууга чакырылбаганын айтканда. “Менин айтайын дегеним, бул приоритет болгон эмес, анткени ал буга чейин начар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн»,- деди Трамп.
Ал ошондой эле АКШнын мурунку президенти Жо Байден менен Зеленский согушту болтурбай коюшу мүмкүн болгонун баса белгиледи.
«Мен «Бул Россиянын күнөөсү эмес» деп айткан сайын, мени жалган кабарлар үчүн сынга алышат, бирок мен сизге айтып жатам, Байден туура эмес айтты, Зеленский туура эмес айтты, аларга алда канча чоңураак жана күчтүү бирөө кол салды. Бирок Россияны мындай кылуудан оңой эле кайтарса болот», – деп кошумчалады Трамп.
Акыркы күндөрү Трамп Зеленскийди катуу сындап жатат. Ал украин лидеринин өлкө жарандарынын арасындагы рейтинги төмөн экенин айтып, аны “диктатор” деп атап, Украинада президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.



















