АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп республикачыл сенаторлорго миграциялык саясатты катаалдаштыруу жана чек араларды бекемдөөгө багытталган 100 буйруктан турган планды тапшырды.
Бул тууралуу Axios порталы жыйындын эки катышуучусуна шилтеме берүү менен билдирди.
“Сенаторлорго Трамп менен жолугушууда айтылган 100 буйруктан турган алдын ала план сунушталды”, – деп белгиленет макалада.
Порталдын булактарынын билдирүүсүнө ылайык, Трамптын негизги демилгелеринин бири – 42 титулду калыбына келтирүү, бул чара коронавирустук пандемия учурунда кабыл алынган, мигранттардын башпаанек берүү талаптарын эске албастан депортациялоого мүмкүндүк берген.
План ошондой эле Мексика менен чек арага дубал курууну улантуу, мигранттарга башпаанек берүүгө жаңы чектөөлөрдү киргизүү жана миграция иштерине жардам берүү үчүн жергиликтүү укук коргоо органдарын колдонуу буйруктарын камтыйт.


















