АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Сүйлөшүүдө тараптар алгач Украинадагы кырдаалды, андан кийин негизги эл аралык маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы аккаунтунда билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүү узакка созулуп, “абдан жемиштүү” болгон. Эки өлкөнүн лидерлери Украина, Жакынкы Чыгыш, энергетика, жасалма интеллект жана “доллардын күчү” сыяктуу маселелерди талкуулашкан. Ошондой эле көптөгөн башка маселелер да көтөрүлгөн.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүү бир жарым саатка жакын уланганын жана Ирандын ядролук программасы, кылмышкерлерди алмашуу жана Россия менен АКШнын ортосундагы кызматташуу сыяктуу темалар да талкууланганын маалымдаган.
Трамп тараптар Украинадагы согушту токтотуу үчүн “тез арада сүйлөшүүлөрдү баштоого” макулдашканын билдирген. “Биз Украина менен Россиянын согушунда миллиондогон адамдардын өлүмүн токтоткубуз келебиз”,- деп жазган ал.
Песков болсо Путин кырдаалды чечүүнүн негизги себептерин жоюу зарылдыгын белгилегенин жана Трамп менен макул болуп, узак мөөнөттүү чечимге жетүү үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу эле согуштуу токтотуу мүмкүн экенин билдиргенин айткан.
Кремль ошондой эле Путин АКШнын кызматкерлерин, анын ичинде Украина маселеси боюнча иш алып баруучу адамдарды Россияга кабыл алууга даяр экенин билдирген. Бирок сүйлөшүүлөрдүн башталуу убактысы тууралуу Песков айткан жок.
Путин менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен “тез арада” байланышып, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берерин билдирген.



















