АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин Катарга жасаган соккусунан кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшкөнүн билдирип, кол салууну “кокустук” деп атады. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth социалдык тармагына жарыялаганын массалык маалымат каражаттары жазышууда.
“Мен кол салуудан кийин премьер-министр Нетаньяху менен да сүйлөштүм. Ал мага тынчтык орнотууну каалай турганын айтты. Мен бул кырсык тынчтык үчүн мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн деп ишенем”, – деп жазган Трамп социалдык тармака.
Ал Катардын эмири жана премьер-министри менен да сүйлөшкөнүн жана мындай окуялардын кайталанбасына ишендиргенин айтты.
“Мен мамлекеттик катчы Марко Рубиого Катар менен коргонуу кызматташтыгы боюнча келишимди аягына чыгарууну тапшырдым”, – деп белгиледи Америка президенти.
Эскерте кетсек, Израил 9-сентябрда түштөн кийин Дохага сокку урду.
Катардын Тышкы иштер министрлиги чабуул “ХАМАСтын саясий бюросунун бир нече мүчөсү” жашаган үйлөргө тийгенин билдирип, каза болгондор бар экендигин ырастады.
Ал эми РБК басылмасы билдиргенине караганда, Катар өз кезегинде Израилдин аракеттерине жооп чараларын даярдап жатканын жарыялап, өлкөнүн премьер-министри шейх Мохаммед бин Абдулрахман бин Жасим Аль Тани Нетаньяхуну эл аралык мыйзамдарды бузду деди. Ошол эле учурда Израилдин аракеттерин “мамлекеттик терроризм” деп атаган.
Евробиримдик жана бир катар өлкөлөр, анын ичинде Канада менен Улуу Британия Израилдин аракеттерин айыптады.


















