АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын мунайын өзүнө алууну каалаарын мойнуна алды.
Бул тууралуу америкалык лидер Financial Times гезитине берген маегинде билдирди.
“Чынын айтсам, мага эң жакканы — Ирандагы мунайды алуу болмок”, — деди Трамп.
Ошол эле учурда ал АКШда муну эмне үчүн кылуу керек деп суроо берген айрым адамдарды “акылсыздар” деп атады.
Ал бул кадамды АКШ мунай өнөр жайын “чексиз мөөнөткө” көзөмөлдөөнү көздөгөн Венесуэла менен салыштырды.
“Балким, биз Харг аралын алабыз, балким албайбыз. Бизде көптөгөн варианттар бар”, – деп белгиледи АКШ президенти.


















