АКШ президенти Дональд Трамп CNN, MSNBC жана Politico маалымат каражаттарынын Ак үйгө кирүү мүмкүнчүлүгүн толугу менен токтотту.
Трамптын чечимине ылайык, аталган үч маалымат каражатына «жалган жана буйрутма жаңылыктарды тынымсыз жарыялап келгени» үчүн Ак үйгө кирүүгө тыюу салынды.
«Ушул учурдан тартып CNN, MS NOW, ошондой эле Politico сыяктуу жалган маалымат тараткан ЖМКларга Ак үйгө кирүүгө тыюу салып жатканыбызды сыймыктануу менен жарыялайм. Буга алар тынымсыз фейк маалымат таратып жатканы себеп болууда!
ЖМКлар АКШ президентинин, Трамптын администрациясынын же АКШнын ишмердүүлүгүн чагылдырууда дайыма ойдон чыгарылган маалыматтарды жана жалгандыкты жазып же тарата албашы керек.
Мындан ары жалган маалымат тараткан башка ЖМКлар да ушундай чарага туш болушат», — деп билдирди АКШ президенти.














